2. Институционалдык аккредитация

Жетекчи: Эралиева Гүлай Жанышовна
Телефону: 0707541202
Email:  [email protected]
Сайты: http://zhamgyrchiev.mektebim.kg/
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көк-Сай айылы, Турусбеков көчөсү, 30.
Ж. Жамгырчиев жалпы орто билим берүү мектеби үч имараттан турат, биринчи имарат 1987-жылы , экинчи имарат 1951-жылы , үчүнчү имарат 1988-жылы ачлып ишке киргизилген. 1996-жылдан бери «Ж. Жамгырчиев жалпы орто билим берүү мектеби» деп аталат. Мектептин жалпы аянты 1155,29 м2, проект боюнча кубаттуулугу 180 окуучуга ылайыкташып азыркы күндө 246 окуучу билим алууда. Имарат көмүр менен жылытылат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Класс комплектиси 12. Мугалимдердин жалпы саны 25, жогорку билимдүүсү 24, атайын орто билимдүү 1. Эл агартуунун мыктысы 1. Окутуунун билим сапаты 31%. Мектептин миссиясы:«Мекенинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын кѳздүн карегиндей сактаган, улуттук баалуулуктарга аң сезими жана жан дүйнөсү терең сугарылган, элинин тарыхын мыкты билип , эне тилин сүйгөн , толлеранттуу, алган билимин турмушта пайдалана билүү менен жашоодо ѳз ордун таба билген ар тараптан ѳнүккѳн инсанды тарбиялоо».
Мектеп башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашырат.
Мектеп директору: Эралиева Гүлай Жанышовна
Байланыш телефону: 0707541202
Мектеп 2018-жылы программа (программалар) боюнча аккредитациядан өткөн.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №СС180012287 сертификаты «Ж. Жамгырчиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби» мекемеси программанын аталышы «Негизги жалпы билим берүү», «Орто жалпы билим берүү». Сертификаттын мөөнөтү 15.10.2023-ж.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15-октябрындагы №1283/1 буйругу.
Мектептин дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу,Тоӊ району, Кѳк-Сай, Турусбеков кѳчѳсү, 30.
тел. 0707 541202 эл.почтасы [email protected]

1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ

1.1.1 Мектептин уставы

1.1.2 ОТЖП 2022 Жамгырчиев

1.1.3 Базистик окуу планы

1.1.4

1.1.5

1